Экономика

Ишкер чөйрө өлкөдөгү туруктуулуктун болушуна тилектеш image

24 Март, 2016 408

Кыргызстандагы ишкер чөйрө өлкөдөгү туруктуулуктун болушуна тилектеш. Дал ушундай чакырык менен бүгүн чыккан бизнес тармагынын өкүлдөрү өлкөдөгү коомдук-саясий абалга тынчсыздануусун билдирди.

Кыргызстандагы экономиканын өнүгүшүнө дүйнөлүк экономикалык кризис, сатып алуучулардын санынын азайышы, жаңы интегграциялык бирикмеге кирүүдө бизнестин шарттарынын өзгөрүшү, кошуна жана өнөктөш өлкөлөрдүн улуттук акчаларынын девальвацияга учурашы сыяктуу тоскоолдуктар менен кошо митинг, пикет сыяктуу саясий акциялар да тескери таасирин тийгизип жатат.

Албетте акция аркылуу ар бир жаран өз пикирин билдирүүгө укуктуу. Бирок, башка тараптардын да кызыкчылыгы тебеленбеши керек.

          

 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз