Коом

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу бир катар көчөлөр жабылат image Фото: www

7 Июнь, 2018 795

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу бир катар көчөлөр убактылуу жабылат. Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, 7-июнда Тоголок Молдо көчөсүнүн Щербаков көчөсүнөн Саадаевге чейинки бөлүгү жабылды. 

Оңдоо иштери 15-августта бүтөт. Ушул эле күнү "Ак-Босого" жаңы конушундагы Профессор Зима көчөсү да жабылды. Бул аймакка арык, тротуар салынып, асфальт төшөлүп, жол белгилери коюлат. Оңдоо иштери 1-октябрга чейин уланышы болжолдонууда. 

Мындан сырткары 9-июндан 15-июлга чейин Чүй проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө да жол кыймылы токтотулат. Мэрия унаа тыгыны жаралбашы үчүн альтернативдүү каттамдарды тандоону сунуштайт.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз