Коом

Күндүн темасы: Балдардын тагдырына ким жоопкер? image Фото: Элнура Нурдин кызы

8 Июнь, 2018 1516

Балдар интернаттарда жана балдар үйлөрүндө эмес, үй-бүлөлөрдө чоңоюшу керек. Мындай пикирин билдирүү менен Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков ата-энеси бар туруп жетим калган балдардын тагдырына кайдыгер карабоого чакырды. Ошондой эле аларды бардык жактан камкордукка алып, бул тармакты толук реформалоо зарылдыгын белгиледи. 


Негизи эле ата-энеси бар туруп жетим болгон балдардын, балдар үйлөрүнүн санын кантип кыскартабыз, балдардын балдар үйлөрү менен интернаттардан кийинки тагдыры кандай болот? Азыр балдар интернаттарында абал кандай? Алардын көйгөйлөрүн чечүүгө эмне тоскоол болууда? Фостердик үй бүлө деген эмне, ал Кыргызстанда ишке ашып жатабы? Артыкчылыктары эмнеде, фостердик үй бүлөнүн жоопкерчилиги барбы?


Уктурууга КР билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Усеналиев Марат Жолдошбекович КР эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Бообекова Гульзина Таалайбековна катышты.


Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз