Коом

Күндүн темасы: Бишкекте «ЖАШЫЛ upGRADe» экологиялык форуму өтүүдө image Фото: Элнура Нурдин кызы http://www.ktrk.kg

8 Июнь, 2018 918

Бишкекте Улуттук китепканада «ЖАШЫЛ жанылоо» аттуу экологиялык форуму өтүп жатат. Ага шаар тургундары, жергиликтүү жана эл аралык эксперттер, бийлик өкүлдөрү жана демилгечи топтор катышууда.


Форумга климаттык жана экологиялык жактан коопсуз шаарда жашагысы келген ар бир шаар тургуну катыша аларын уюштуруучулар билдирген. Форумдун аягында резолюция кабыл алынып, тийиштүү мамлекеттик органдарга берилет. Иш-чарага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Бишкек шаардык кеңешин төрагасы Алмаз Кененбаев катышары күтүлүүдө.


Уктурууга Мамлекеттик экологиялык экспертиза жана жаратылышты пайдалануу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ильясбек Сарыбаев жана форумдун уюштуруучуларынын бири Кундуз Адылбеков катышты.


Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз