Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2018

Борбор калаада "Мен көчмөнмүн" аттуу форум өтөт image Фото: www

13 Июнь, 2018 1155

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарын колдоо максатында жаштардын "I am Nomad" же "Мен көчмөнмүн" аттуу форуму өтөт. Максат - жаштарды быйыл өтө турган көчмөндөрдүн оюнун активдүү колдоого чакыруу. 

Андан сырткары өлкө аймагында жигердүү жаштар тарабынан "Сен көчмөнсүңбү, анда мени кучакта" аталышындагы акция да жүрүп жатат. Ушундай кыймыл менен башталган акция "жети дубан, бир максат" деген аталышта аймактарда да активдүү жүрүүдө. 

Жаштар илимий конференцияларды өткөрүп, сахна жылдыздары менен биргеликте интернеттен көчмөндөр оюндарына чакырып, оюндарды таанытуу аракетин көрүп жатат. Деги эле саналуу айлар калган Кыргызстандын ири спорттук жана маданий иш-чарасына кандай даярдыктар көрүлүүдө? 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз