Коргонуу жана коопсуздук

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжал жөнгө салынды image Фото: http://tjk.rus4all.ru/

28 Март, 2016 1043

Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында чыккан жаңжал жөнгө салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева “Биринчи радиого” билдирди. Маалыматка ылайык, 27-мартта Баткен районундагы Көк-Таш айыл аймагы менен Тажикстандын Чорку айылынын жашоочулары ортосунда чыр чыккан. Жаңжалга Кыргызстандын аймагынан өткөн дарыядан алынуучу шагыл себеп болгон. Эки тарап шагыл талашып, Көк-Таш айылынан да Чоркудан да 30 адам топтолгон. Жаңжал тууралуу тиешелүү органдарга маалымат берилип, эки тараптын тең чек ара кызматынын өкүлдөрү окуя болгон жерге келип кырдаалды жөнгө салган. Учурда абал туруктуу.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз