Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2018

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай «Манас» аба майданынын даярдыгы көзөмөлдөндү image Фото: KTRK/videograp

5 Июль, 2018 1060

Вице-премьер-министрлер Жеңиш Разаков жана Алтынай Өмүрбекова III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында «Манас» эл аралык аба майданынын меймандарды кабыл алууга даярдыгын көчмө жыйындын жүрүшүндө көзөмөлдөштү. Разаков белгилегендей, тийиштүү мамлекеттик органдар өлкөгө келген конокторго шарттарды түзүп, аны жакшыртуу боюнча чараларды көрүшү зарыл. 

Вице-премьер-министрлер келүү, кетүү залдарын, жүк бөлүмүн кыдырып, автоматташтырылган электрондук дарбаза чек ара көзөмөл тутумунун иштөөсүн, ошондой эле «Манас» эл аралык аэропортунун чек ара жана бажы кызматтарынын ишине көз салышты. 

Мамлекеттик чек ара кызматына ыкчам тартипте «Манас» аэропортундагы өздүк курамдын штаттык санын жогорулатуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз