Маданият

Кыргызстандын көз боочулары Болгарияда өткөн сынака катышышты image Фото: http://kp.kg/

28 Март, 2016 519

Кыргызстандын көз боочулары Болгарияда өткөн “Таланттар шоусу” сынагында өз өнөрлөрүн тартуулашты.  Таймаш 20-мартта Софияда өтүп ага эки миңден ашык адам катышкан. Анда мекендештерибиз  калыстар тобунун жакшы баасына татыган.  Азыр алар 10-апрелде жарыяланчу жарым финалдын жыйынтыгын күтүп жатат.

Болгарияда өткөн “Таланттар шоусу” сынагында Кыргызстандын атынан Радислав Сафин менен Ольга Камер  катышкан.  Алар сынакка Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп өз күчүн сынап, калыстар тобунун көңүлүн бура алды.  Алар кыргыздын  улуттук кийимдерин кийип алып  көз боочулук өнөрүн көргөзүшкөн. Радислав Сафин аталган сынак тууралуу мындай дейт.

-Сынакка Европа өлкөлөрүнөн ырчылар, бийчилер көз боочулары катышты. Ал эми Борбор Азиядан биз гана катыштык. Тандоо турунан өткөндүгүбүз жакшы болду. Биз жарым финалга өттүк деп ишенебиз. Анткени, бизге калыстар тобунун бардыгы максималдуу бааларын берип жатышты. Бул сынакка катышуубуз чоң жетишкендик. Себеби ага дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.  

Таймаш 20-мартта София шаарында өтүп, ага эки миңден ашык катышуучулар өз өнөрлөрүн сынашкан. Анда мекендештерибиз 3 мүнөт аралыгында калыстар тобунун мүчөлөрүн таң калтырган. Учурда алар 10-апрелде жарыяланчу жарым финалдын жыйынтыгын күтүп жатышат.  Чыгармачыл топтун мүчөсү Ольга Камер Болгариялыктар  биздин көргөзгөн чыгармабызды жакшы кабыл алды-дейт.

-Биз ар бир тигилген костюмга кыргыздын орнаменттерин камтыганга аракет кылып, ага басым жасайганбыз. Костюмдарыбыз этникалык стилде тигилген бардыгы өзгөчө болду. Ошону менен биз кыргыздын маданиятын, атын алыска тааныта алдык деп ойлойм.  Андан сырткары биздин даярдаган көрүүчүлөргө тартуулап жатканда  кыргыздын улуттук музыкасы коштоп турду.  Болгариялыктар  биздин чыгармабызды жакшы кабыл алды.

Мекендештерибиз катышкан сынак алгачкысы эмес. фокусниктер  4 жылдан бери түрдүү сынактарда ат салышып келишет. Учурда дагы жарым финалга кызуу даярданышууда. Андан сырткары биздин фокусниктер Болгарияда көргөзгөн чыгармасын атайын чакыруу менен Индияда апрел айында көргөзөт. Радислав Сафин булады кошумчалайт.

Көз боочулар тандоо турунан өтсө, май айында жарым финал, андан соң июнь айында финалдык бөлүгүнө катыша алышат. Эске сала кетсек сынактын баш байгеси 100 миң евро болот.

Мирбек Сакенов, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз