Коргонуу жана коопсуздук

Панфиловчуларды эскерүү саамалыгы Орусияга берилет image Фото: ognialatau.kz

29 Март, 2016 452

Панфиловчуларды эскерүү саамалыгы Бишкектен  Орусиянын Саратов шаарына берилет. Бул тууралуу “Биринчи радиого” Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыров Панфиловчуларды эскерүү иш-чарасында билдирди. Бүгүн борбор калаада Улуу Ата-Мекендик согушта эрдик көрсөткөн панфиловчу баатырларды эскерүүгө арналган “Биз миллиондогон панфиловчуларбыз” иш-чарасы өтүп жатат. Иш-чарага, Панфиловдун неберелери жана согуш ардагерлери катышууда. Ошондой эле, Панфиловдун эстелигинин алдына гүл-чамбарлар коюулуп, митинг-реквием болуп өттү. Панфиловчуларды эскерүү вахтасы Орусиянын Саратов шаарынан келген делегацияга символикалык түрдө өткөрүлүп берилет.

Улуу Ата-Мекендик согушта жеңишти камсыздоодо Кыргыз ССРнин орду чоң болгон. Фашистик баскынчылардан Москваны баатырлык менен коргогон Панфиловдук дивизия Кыргызстанда жана Казакстанда алгач түзүлгөн. Бишкек Панфиловчуларды эскерүү вахтасын алган жетинчи шаар болуп жатат. Өсүп келе жаткан муун, Ата-Мекендик согушта эрдик көргөзгөн бабалардын каармандыгын билүүсү керек деп кошумчалады Алмаз Насыров.

Генерал-майор Иван Панфилов 1938-жылдан 1941-жылга чейин Кыргызстандын аскер комиссары болуп кызмат өтөгөн. Согуштун алгачкы жылдарында Орто Азиянын жарандарынан турган 316-аткычтар дивизиясын уюштуруп, мекен коргоого аттанган. 1941-жылы Москвага жакын жердеги Дубосеково жолунда фашистик Германиянын танктарын талкалап, душмандын урган соккусунун мизин кайтарып жатып курман болгон 28 Баатыр панфиловчунун эрдиги унутулбай жыл сайын эскерилип келет.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз