Ден соолук

Рак илдетине кабылгандардын саны өсүүдө image Фото: http://24smi.org/

29 Март, 2016 1185

Онкология кызматы  Бирдиктүү  төлөмгө  өтөт. Эми онкологиялык оорулуулардын  дарылануу үчүн  төлөгөн  каражаттары   кассага  түшүп,  ал аталган кызмат үчүн  зарыл  болгон  дары-дармектерди  жана  жабдууларды алууга  жумшалат. Ал эми  кошумча төлөмдүн көлөмү 650 сомдон 31 миң сомго чейин  белгиленип,  калктын 7 категориясына жеңилдиктер каралган . Эске салсак,  буга чейин    Жогорку Кеңеш  "Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндөгү " мыйзамдын   онкологиялык оорулуу жарандар акысыз дарыланат деген жобого өзгөртүү киргизген.

48 жаштагы   Жыпар  5 жыл мурда  рак  дартына чалдыккандыгы аныкталган.  Бул оору менен кантип ооруп калганын өзү да байкабай калган. Убагында аныкталган үчүн  дарылоо курсунан  өтүп, сакайды. Бирок,  рак илдетине кабылгандардын  көйгөй маселеси – бул мыйзамда  так   жазылган акысыз дарылоо  кызматынын  көрсөтүлбөгөндүгү. Жыпар үчүн да бул  көрүнүш  жат эмес, мындан улам  аталган кызматтын  акысыз дарылоо жобосуна киргизилген   өзгөртүүнү туура  деп эсептейт.

-Жыпар Дары-дармек , нур терапияга кеткен  чыгымдын бардыгын биз өзүбүз төгөбүз.  Мурда мыйзамда бекер деп жазылса да  ал кассага түшчү эмес, эми мыйзамга  ылайык  ал бир жерге түшөт. Муну  менен  бул кызматтын тейлөөсү жакшырат  деп ишенебиз.

Бүгүнкү күндө рак илдетине  кабылгандардын саны өсүп жаткандыгы байкалууда. Өнүккөн мамлекеттерде ооруну алдын алып, аныктоочу программалар иштеп, керек болгон заманбап менен  жабдуулар  менен камсыз болгон. Ал эми Кыргызстанда  бул курч көйгөй болгондуктан  ооруга кабылгандарды кеч аныктап, натыйжада кейиштүү көрүнүштөр  басымдуу катталууда.  Мындан улам ЖК тарабынан кабыл алынган мыйзамдын  негизинде,  онкология кызматын Бирдиктүү төлөмгө өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп  жаткандыгын «Эргене» коомдук фондунун  жетекчиси  Таалайгүл Сыбырбекова  айтты.

Каржылоонун  жаңы  шарттарына ылайык, онкологиялык оорулуулар белгиленген суммадагы каражатты  кассага төлөйт.  Кошумча төлөмдүн  көлөмү  650 сомдон 31 миң сомго чейин  белгиленген. Мындан тышкары калктын 7 категориясы  бул төлөмдөн бошотулган.  Рак  оорулууларга  акы төлөө  кызматын киргизүү  онкология   борборунун   абалын жакшыртууга салым  кошорун  адистер  белгилешет. 

Г.Усенова, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз