Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2018

Көчмөндөр оюндарына карата кыргыз спортчулары Ысык-Көлдө даярдыктан өтүүдө image Фото: www

14 Авг, 2018 5364

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына кыргыз спортчулары Ысык-Көлдө даярдыктан өтүүдө. Аталган ири спорттук жана маданий иш-чарада өлкөнүн намысын 458 спортчу коргойт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Ал эми оюндарга учурда жалпы 53 өлкөнүн спортчулары катыша тургандыктарын маалымдап,тастыкташкан. Жалпы мелдешке көчмөн элдерден 2 миңге жакын спортчу келет. Алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттери. 

Эл аралык деңгээлдеги иш-чарада балбандар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Анда жалпы 26 миллион сомдон ашык байге менен 594 медаль ойнотулат.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз