Спорт

ДКО: жоон билектердин таяк тартышы image

4 Сент, 2018 1755

Таяк тартышуу боюнча финалда кыргыз балбаны Рустам Жалилов россиялык Андрей Маркин менен күч сынашты. Биринчи кармашында Маркин таякты жулкуп тартып кетти. 

2-кармашта дагы кыргыз спортчусу жеңилип калды. Бул жыйынтык менен Жалилов күмүш медаль тагынды.

Ал эми 90 килограмм салмакта кармашка түшкөн кыргыз спортчусу Азат Таштанбеков финалда россиялык балбан Даниил Моисеевди жеңип алтын медаль тагынды.

Мындан тышкары таяк тартыштан Келдибек Атайбек уулу да алтын медаль утуп алды. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз