Саясат

Атамбаев ЕККУнун төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту image Фото: president.kg

1 Апр, 2016 478

Президент Алмазбек Атамбаев ЕККУнун азыркы төрагасы, Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту. Жолугушууда Мамлекет башчысы Федералдык министрди жылуу кабыл алды жана Кыргызстан анын биздин өлкөгө иш сапарына өзгөчө маани бере тургандыгын белгиледи.Өз кезегинде Штайнмайер жылуу кабыл алууга ыраазычылык билдирип, жигердүү өнүгүп жаткан кыргыз-германиялык мамилелердин келечеги тууралуу сүйлөшүүлөрдүн маанилүү экендигин баса белгиледи.

Кыргызстан менен  Германиянын ортосунда дипломатиялык карым-катнаш 1992-жылдан тартып түзүлгөн. Андан бери эки өлкө ортосунда саясий, финансылык-техникалык, соода-экономикалык, агартуу жаатында кызматташуу жүрүп келет.1995-жылы Бонн шаарында Кыргызстандын элчилиги ачылган. Андан бери Президент Алмазбек Атамбаев Германияга расмий сапар менен эки ирэт, 2012- жылы, кийин 2015-жылы барган. Анда Өлкө башчы Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолуккан.

Ал эми Германиянын тышкы иштер министри, ЕККУнун азыркы төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайердин Борбор Азия чөлкөмүнө сапары 29-мартта Өзбекстанда башталган. Анда расмий Ташкен менен регионалдык жана эл аралык кызматташтык маселелери көтөрүлдү. Кыргызстандан кийин ал Тажикстанга барары күтүлүүдө

Президент Алмазбек Атамбаев жолугушууда Федералдык министр Франк-Вальтер Штайнмайерди жылуу кабыл алды жана Кыргызстан анын биздин өлкөгө иш сапарына өзгөчө маани бере тургандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Франк-Вальтер Штайнмайер жылуу кабыл алууга ыраазычылык билдирип, эң жакшы  таасир калтырган өзүнүн Кыргызстанга болгон мурдагы иш сапарын эскерди. “Андан бери абдан көп убакыт өттү, бирок бүгүн да ошондогудай жакшы маанайда жолугуп, маектешүүгө мүмкүнчүлүк болгонуна мен кубанычтамын», - деп, жигердүү өнүгүп жаткан кыргыз-германиялык мамилелердин келечеги тууралуу сүйлөшүүлөрдүн маанилүү экендигин баса белгиледи.  

Франк-Вальтер Штайнмайер: "Акыркы жолу келген сапарымда менде эң жакшы эскерүүлөргөн  калган. Андан бери абдан көп убакыт өттү, андан бери дүйнө да алмашты. Бирок  бүгүн да ошондогудай жакшы маанайда жолугуп, маектешүүгө мүмкүнчүлүк болгонуна  мен кубанычтамын. Мен ойлоп турам Борбор Азиядагы бир катар маселелерди  талкуулаганга бизде жакшы мүмкүнчүлүк болот. Андан сырткары Германия менен Кыргызстандын  ортосундагы мамилелер боюнча да сүйлөшүүбүз маанилүү".

Жолугушуу учурунда Кыргызстандын ЕККУ  жана Германия менен кызматташтыгынын жогорку деңгээлде экендиги белгиленди, ошондой эле ар кандай формаларда мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн негизги багыттары талкууланды. Мамлекет башчы Штайнмайер менен эл аралык мамилелердин негизги маселелердин айланасында пикир алмашышып, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана азыркы коркунучтарга каршы туруу боюнча мындан аркы иштердин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.Ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу, Кыргызстанда демократияны жана сөз эркиндигин мындан ары бекемдөө, демократиялык институттарды өнүктүрүү жана өлкөдө таза, ачык шайлоолорду өткөрүүдө кызматташууну улантуу маселелери талкууланды.

С. Идирисов, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз