Коргонуу жана коопсуздук

Турганбаев ишке киришкен кайгуул милициясынын даярдыктары менен таанышты image Фото: www.for.kg

1 Апр, 2016 862

Бүгүн Ички иштер министри Мелис Турганбаев жаңы ишке киришкен кайгуул милициясынын техникалык жана өздүк даярдыктары менен таанышып чыкты. Министр кызматкерлердин иштерине ийгилик каалоо менен бирге, коомчулуктун ишенимине кирүүнү каалады. 

Белгилей кетсек кайгуул милициясынынын биринчи топтору Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында иштей баштайт. Жол коопсуздугу, коомдук коопсуздук жана кылмыштуулук менен күрөшүү максатында эми аталган аймактар боюнча1500 кызматкер күнү-түнү иш алып барат. 1-июлдан кайгуул милициясы толук кандуу ишин баштайт. Кайгуул милициясынын бир тобунда 3 кызматкер иш алып барат. Алар тийиштүү жабдыктар менен катар  аудио, видео-фото регистратыр менен жабдылат.

Кайгуул милициясынынын биринчи топтору Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында иштей баштады. Анда, жол коопсуздугу, коомдук коопсуздукту сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү максатында Бишкекте 800гө жакын милиция кызматкери, Чүй облусунда 500 жана Ысык-Көл облусунда 160ка жакын милиция кызматкерлери болуп, жалпы1500 кызматкер күнү-түнү иш алып барат.Ал эми Республика боюнча 1-июлдан кайгуул милициясы толук кандуу ишин баштайт – деп билдирди Ички иштер министри Мелис Турганбаев.

Патрулдук милициянын бир тобунда 3 кызматкер жүрөт. Анын бири кенже тескөөчү, ал атайын төш белги, аудио, видео-фото регистратор менен жабдылат. Кызмат өтөө учурунда жабдуу дайыма иш абалында болот. Ал ар кандай уруш-талашты, айдоочу менен сүйлөшүүлөрдү көзөмөлдөп жаздырып турат жана жазуулар атайын серверге түшүп сакталат.Видео регистратор күнү-түнү кызмат өтөө учурун өчүрүлбөстөн тартып турат. Ошондой эле, кенже тескөөчүлөр жол эрежесин бузууларды көзөмөлгө алып, протокол түзүп, жол чырактары бузулуп, тыгындар пайда болгондо атайын кортеждерди коштоп өткөрөт.

Ал эми калган эки кайгуул милиция кызматкерлери, коомдук коопсуздукту көзөмөлгө алып, жарандарга жардамберүү менен кылмыш болгон жерлерге ыкчам жетүү менен кылмыш иштерин изи сууй электе издөөгө алат. Ошентип мурунку жол кайгуул кызматы менен кайгуул күзөт кызматынын иш милдеттери патрулдук милицияга жүктөлдү – деп белгилеп өттү министр Турганбаев.

Ошондой эле кызмат өтөөдө, кызматкерлер мамлекеттик номурлары жок, айнектери караңгылатылган же болбосо мас абалда айдап бара жаткан айдоочуну, кылмышка шектүү унааларды токтотуп, толугу менен текшерүүгө толук мүмкүнчүлүгү болот. Маселен 2012-жылы пилоттук долбоор ишке ашырылганда Кайгуул милициясы ушундай ыкма менен иштеп, №50 абактан качкан өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин кыска убакыттын ичинде кармоого жетишкен. Жол кайгуул кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары, полковник Темиркан Керимбаевдин пикиринде бул жаңы кызмат жол кырсыгы жана кылмыштуулук күчөгөн жайкы туристик мезгилде коопсуздукту камсыз кылууда сыналат.

Чет мамлекеттерде ушуга окшогон кайгуул кызматтары бар. Бирок ар милдеттери, иштөө тартиби ар кандай. Талдоочулар көбүнчө Грузиянын тажрыйбасын айтып келет. Ал эми жол кайгуул кызматы менен кайгуул күзөт кызматынын иш милдеттери патрулдук милицияга жүктөлүп, жаңы кызмат түзүлүп жатканы КМШ жана Борбор Азия мамлекеттеринде азырынча Кыргызстан гана иш жүзүнө ашырып жатат.

С. Идирисов, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз