Ден соолук

Эхинококкоз жана альвеококкозго чалдыккандар катталууда image Фото: http://moyapechen.ru/

4 Апр, 2016 1301

Өлкөдө эхинококкоз жана альвеококкозго чалдыккандар катталууда. Мисалы,  2015-жылы  республика аймагында, эхинококкоздун 1 миң 134 учуру  белгилүү болгон. Анын басымдуусу Алай  облусуна  тиешелүү.  Дарттын өтүшүп кетүүсүнөн 8 адам жарык дүйнө менен кош айтышкан. Адистердин айтуусунда,  жылына миңдеген жарандар эхинококк ыйлаакчаларын алдыруу үчүн   дарыгерлерге  кайрылышат. Эхинококкоз менен ооруган адамдын боорунда, өпкөсүндө, мээсинде ыйлаакчага окшош эхинококктун  личинкасы пайда болот. Дарыгерлер, ооруга чалдыкпаш үчүн гигиенаны сактап, сууну кайнатып ичүүнү жана мөмө-жемиштерди таза жууп   пайдаланууну  эскертишет. Эң негизгиси  ит баккандар сөзсүз түрдө иттерин тиешелүү дарылоодон өткөрүүсү зарыл.

Өкүнүчтүү көрүнүш , эхинококкоздун 14 жашка чейинки балдар арасында катталып жаткандыгында. Кандай гана болбосун, айрыкча, айыл жериндеги тургундар биринчи кезекте иттерин дарылатуу зарыл дешет адистер.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз