Ден соолук

Кыргызстанда шарп ылаңы катталган жок image Фото: http://www.aktala.kg

6 Апр, 2016 692

Малдын коркунучтуу шарп ылаңы боюнча республика аймагында кооптонууга негиз жок. Бул тууралу бүгүн Бишкек шаарында өз ишин баштаган эл аралык эпизоотикалык бюросунун 7-аймактык кеңешмесинде маалымдалды. Үч күнгө созулган иш чаранын жыйынтыгында жер жүзүнүн бир катар мамлекеттеринен келген  серепчилер Кыргызстандагы шарп ылаңына карата өздөрүнүн калыстык баасын беришет.                                      

“Талас облусунун аймагында соңку учурда үй жаныбарлары үчүн коркунучту жараткан шарп ылаңы катталган эмес”- дейт облустагы ветеринар Айдарбек Жоробеков. Анткени, аталган мал ылаңынын алдын алууда тиешелүү иш мерчемде белгиленген аракеттер көрүлүп, малдарды маалында эмдөө иштери ишке ашырылып жатканын белгиледи. 

Мал арасында жугуштуу, өтө тез тарай турган, кооптонуу жараткан ылаңдын алдын алуу багытында Жалал-Абад облусунун аймагында да аракеттер көрүлүп жатканын жергиликтүү ветерниар адис Муратбек Исмаилов ачыктады. Учурда жайлоого чыга турган малдардын баары текши эмдөөдөн өткөрүлүп жатканын кошумчалады. Ветеринария боюнча серепчи Жолдошбек Дадыбаевдин айтымында республикада шарп ылаңы жок. Анын катталганы тууралу да эч кандай маалымат жоктугун баса белгиледи. Ал гана эмес сырттан же болбосо чет өлкөлүк адистер тарабынан да шарп ылаңы тууралу терс көз караш алган мисалдар болгон эмес. Демек, бул боюнча кооптонууга эч кандай негиз жок деп айтса боло турганына токтолду.

                                    Кыргызстанда шарп ылаңын көзөмөлдөө боюнча Европа мамлекеттеринин ветеринар адистеринин катышуусундагы эл аралык иш чаранын биринчи ирет өтүп жатканын мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекция жетекчиси Касыл Жумаканов ырастады. Иш чаранын демилгечиси Бириккен Улуттур Уюмунун ФОА уюму экенин, ЕАЭБге кирген өлкө катары кеңешменин мааниси бизге өз жемишин бере турганын ачыктады.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча чыгарылган мониторингдин жыйынтыгы ырастагандай шарп ылаңы боюнча коркунуч жарата турган кооптонуу жок экенин мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекция адистерди эске салышты. Эл аралык кеңешме өз ишин 8-апрелде жыйынтыктап, чет элден келген серепчилердин Кыргызстандагы абалга калыстык бааларын беришет.

К.Калилов, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз