ММК

7-Ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнү image Фото: www

7 Нояб, 2018 659

Бүгүн, 7-Ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнү. Дал ушул күнү 1924-жылы кыргыз тилдүү туңгуч “Эркин Тоо”, азыркы “Кыргыз туусу” гезитинин алгачкы саны чыккан. Бул дата 1993-жылы өкмөттүн токтому менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин күнү деп жарыяланган. 

Расмий эмес түрдө "төртүнчү бийлик" деп аталган журналисттердин эмгегинин аркасында эл өлкөдө жана чет жакта болуп жаткан эң кызыктуу окуялар жөнүндө кабардар болушат. Калеми менен акыйкаттыкты жана жалпы элдин кызыкчылыгын башкы орунга койгон журналисттер күнү-түнү талыкпай эмгектенип, элди акыркы кабарлар менен камсыз кылып келишет. Бүгүнкү күндө Юстиция министрлигинин каттоосунда миңден ашык гезит жана журналдар бар. Мындан тышкары 50дөн ашык мамлекеттик жана жеке телеканалдар иштейт.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз