Коррупция

ЖЭБ боюнча кезектеги сот отуруму болуп өттү image Фото: www

11 Апр, 2019 903

Энергетика тармагынын жетекчилери Жылуулук электр борборундагы кейиштүү абалды билип туруп, учурунда тиешелүү аракеттерди көрүшкөн эмес. Бүгүнкү сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу судьядан дал ушул жагдайларга өзгөчө көңүл бурууну өтүндү. ЖЭБге байланыштуу козголгон 4 кылмыш ишинин экинчиси боюнча соттук териштирүүлөр соңуна чыгып баратат.

Айыпталуучулардын төртөө УКМКнын тергөө абагында болсо, үчөө үй камагында. Энергетика тармагынын мурдагы жетекчилерине байланыштуу соттук териштирүүлөр 1-октябрда башталган. Андан бери жыйырмадан ашык күбөлөр суралды. ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу аварияга күнөөсү жок экенин, борборго көзөмөл кылган “Электр станциялары” акционердик коомунун жетекчилигинин кайдыгерлигинен улам маселе жаралганын айтып келатат. Ал ЖЭБдин абалы кейиштүү экенин билдирип жолдогон катына маани берилбегенин жүйө келтирүүдө.

“Улуттук энергетикалык холдингдин” мурдагы жетекчисинин жактоочулары Айбек Калиев абакта негизсиз жатканын айтып жатышат. Алар да жоопкерчиликти “Электр станциялары” ишканасынын жетекчилигине оодарууда.

Ал эми “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчилери Узак Кыдырбаев менен Бердибек Боркоевдин жактоочулары бизге комментарий беришкен жок. Сот отурумунда болсо мамлекеттик айыптоочу ЖЭБдеги аварияга байланыштуу айыпталуучу катары өтүп жаткан бардык тараптардын жоопкерчилиги бар экенин белгилеп жатат.

Дагы бир айыпталуучу Темирлан Бримкуловго ЖЭБдин жаңыланган бөлүгүндө химиялык цехтин курулбай кылышына байланыштуу доомат бар. Жаңы цех мүмкүн авариянын алдын алып калат беле деген божомол айтылып жатат. Жарыш сөз эми 16-апрелде уланат. Энергетика тармагынын жети жетекчиси айыпталуучу катары өтүп жаткан бул иш ЖЭБге байланыштуу козголгон 4 кылмыш ишинин бирөөсү гана. Ал эми модернизациялоо боюнча Кытайдан алынган насыянын сарпталышына байланыштуу териштирүүлөр Свердлов райондук сотунда өтүп жатат.




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз