ММК

Бүгүн Кыргызстанда байланыш кызматкерлеринин күнү image Фото: www.ktrk.kg

7 Май, 2019 631

7-май – Кыргыз Республикасында байланыш кызматкерлеринин күнү. Тарыхты  эске салсак, 1895-жылы 7-майы дүйнөлүк илимдин тарыхында радио байланышын ойлоп тапкан күн катары жазылып калды. Бул күн СССРде 1945-жылдан расмий түрдө Байланыш жана радио күнү болуп белгиленип келген.

1895-жылдын 7-май күнү россиялык физик Александр Попов радио байланышын ойлоп тапканын жарыя калган. Бул күн совет доорунда 1945-жылдан бери, Кыргызстанда 1995-жылы 17-апрелде  Өкмөттүн №135 токтому менен Байланыш кызматкерлеринин күнү –деп белгиленип келет. Па́повдун гениалдуу ачылышы бүгүн күнүмдүк турмушубуздун ажырагыс бөлүгүнө айланганын замандаштар белгилейт.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз