ММК

С.Жээнбеков: ЖМК үчүн жабык тема жок image Фото: president.kg

24 Май, 2019 485

Шанхай  кызматташтык уюмуна   мүчө мамлекеттердин жаңы маалыматтык күн тартибин түзүүдө  жалпыга маалымдоо каражаттары  катализатор боло алат.  

Бул тууралуу  Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда, Шанхай кызматташтык уюмундагы өлкөлөрдүн  Медиа  форумунун  ачылышында  билдирди. Мамлекет  башчы  өлкө бийлигинин  маалымат каражаттары үчүн ачык экенин баса белгиледи.

"Бизде мамлекеттик да, көз карандысыз да ЖМКлардын  күчтүү институту түзүлдү. Биздин өлкөдө прессага мамиле өзгөчө – ага ишенишет  жана ага кулак салышат. Анткени сөз эркиндиги жана журналисттин позициясынын  көз карандысыздыгы – биздин коомдун көптөн бери кармаган салты болуп калган. Жарандар жана мамлекеттик бийликтин  ортосундагы диалогдун ортомчусу болуп саналат. Бизде журналисттердин аркасы  менен бардык кабыл алынуучу чечимдер коомчулукка дароо маалым болуп турат.  Эртели-кеч өлкөдө болуп жаткандын баарын адамдар ЖМКлар аркылуу билип турушат. Ошондуктан бизде ЖМК үчүн жабык тема жок десек  болот. Кыргызстан – бул ачык коом"  - деп белгиледи Президент.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз