Илим жана билим

Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик экзамендери башталды image Фото: KTRK/videograp

3 Июнь, 2019 746

3-июнда Кыргызстанда 9 жана 11-классты аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик экзамендери башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 11-классты аяктап жаткандар математика, окуган тили, Кыргызстандын тарыхы, кыргыз тили жана тандоосуна жараша дагы бир сабак боюнча экзамен тапшырышат. 

Тогузунчу классты аяктагандар да ушул эле беш сабак боюнча сынактан өтүшү керек болот. Математика сабагынан жазуу түрүндөгү экзамен, бала окуган мектептеги программага ылайык даярдалат. 

Быйыл республика боюнча 2262 мектепте 9-классты 95 миң, 11-классты 61 миң улан-кыз аяктап жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз