ММК

Борис Джонсон: Барак Обама эки жүздүү адам image Фото: http://kvedomosti.com

18 Апр, 2016 1410

17 – апрелде  Лондондун шаар башчысы Борис Джонсон  Америка Кошмо Штаттарынын  президенти  Барак Обаманы эки жүздүү деп айыптап чыкты. Джонсон, Улуу Британиянын Евробиримдиктун  мүчөлүгүнөн баш тартуу  жөнүндөгү  көз карашына каршылыгын билдиргенден кийин, Би-Би –Сиге берген маегинде  америкалыктар өз көз карандысыздыгын басууга эч кимге жол бербейт, ошол эле учурда бизге акыл үйрөтөт деген нааразычылыгын билдирди. Мисалы  алар эл аралык  кылмыш соту боюнча мыйзамын таануу боюнча азыркыга чейин кол коюша  электигин баса  белгилеген.  Евробиримдиктен Британиянын мүчөлүгүнөн баш тартуу референдуму 23 –июнда өтөт.

Владимир Путин Барак Обаманы абийири бар, дурус адам деп мактады. Салтка айланып калган  Владимир Путиндин түз эфир аркылуу жарандарын  суроолоруна түз жооп берет. Бул жыйын быйыл 14-жолу өтүп, 3 саат 40 минутага созулган. 3 миллион суроо түшүп, Путин анын 80 суроосуна  жооп берген.  Жыйында бул ирет негизинен экономикалык суроолор басымдуулук кылды. Ошол эле маалда, Орусиянын ички жана тышкы саясатына байланышкан суроолор  да аз болгон жок. Жыйында Россия перезиденти тышкы саясат менен байланышкан суроолорго кылдаттык менен жооп берип жатып,  Америка Кошмо Штаттардын Ливиядагы аскерий операциясы жаңылыш болгонун мойнуна алганы үчүн президент Барак Обаманы мактап, аны "абийирдүү, эрдиги бар адам" деп атады. "Муну мен эч кандай тамашасы жок  айтып жатам жана мындай сөздү жөндөн жөн айта берүү болбойт ", - деди Путин.  Мындан сырткары, Украинадагы кырдаалга байланыштуу батыштын санкцияларына Москванын жооп иретинде импорттук азык-түлүккө чектөө киргизгени  өлкө айыл чарбасын жандантып жатканын , бул баалардын туруктуу болорун  белгиледи.  

Путин Орусия экономикасы азыр  начарбы,  кайсы  багытта өнүгүп жатат  деген суроого: «Абал оңоло элек. Бирок натыйжалуу көрсөткүчтөр бар»-деп жооп берди . Айрым суроолор боюнча кылмыш иштери козголду . Быйылкы жыйындын өзгөчөлүгү онлайн видео аркылуу жана “ВКонтакте” социалдык тармагы аркылуу да суроолордун кабыл алынышы болду деп “Шайлоого жакын, жамандоо күчөдү” аттуу макаласында  Газета .Ру интернет булагы билдирди.

15- апрелде Түркиянын генералдык штабынын мурдагы  жетекчиси   Илькер Башуг Россия пилотун өлтүргөн Челик –аскер кылмышкери деп жарыя салды . Ал Эрзерум  шаарындагы  Ата-Түрк атындагы университетте  Су-24 учагынын пилотун өлтүрдүм деп  күнөөсүн мойнуна алган  Алпарслан Челик аскер кылмышын  жасады деп  кескин сынга алды . Челикти сот жазасына тартуу керек. Соттун чечими Түркия жана Россия карым –катнаштарын жөнгө салат .Түркия Сириядагы кырдаал боюнча Россия, Иран менен кызматташса өрнөктүү болмок деген оюн  РИА новости агенттигине билдирди Түркиянын генералдык штабынын мурдагы жетекчиси.

“Курдистан Бириккен Улуттар Уюмдун 195-мүчөсү болобу”?- аттуу макаласын испан  Publico.es, басылмасынын  журналисти Назанин Арманьян жазып чыкты.  Бир дагы эл санынын  көптүгүнө карабастан  ири державалардын макулдугусуз мамлекеттүүлүкө  ээ боло албайт.  1991-жылы Америка Кошмо Штатдардын аскер  агрессиянын натыйжасында Ирактын курддар  тыгыз жайгашкан   аймагында  автономдуу  чөлкөм  түзүлгөн. Курддар бул мезгилге чейин мынчалык күчкө ээ болгон эмес, ойлонулбаган  кандай гана   кадамы  болбосун  алардын  жетишкен  ийгиликтерин  жокко   чыгарат. Өткөн жылдын ноябрь айында  ирактык курддар  нефтиге бай  Киркук шаарын   өздөрүн ислам мамлекети деп санаган  уюмдан  бошотуп  алгандан кийин, Ирактагы  Курд автономдуу  райондун  президенти   Масуд  Барезани  Америка Кошмо Штататарынын президентине аталган районду  көз карандысыз  кылуу  өтүнүчү менен  кайрылып,  бул кайрылуу  Барак  Обама  тарабынан   колдоо  тапкан эмес. Курд мамлекеттүүлүгү түзүлсүн деген кыял дүйнө жүзү боюнча  чачырып жана кордук көрүп элдин жаткан ынтамыгын эсепке алганы жок, бир гана  Израильдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун    колдосуун таап турат. Бир мамлекетте жашаса да курд тайпаларынын башчыларынын  ортосунда ажырым чоң. Алардын ортосунда жарандык согуш чыгып кетиши мүмкүн. 1994 –жылы “Курдистандын Патриоттук түзүмү”  жана “Демократиялык” партиясынын ортодогу чыр чатактан , миңдеген кишилер каза болгон - деп баса белгиледи макаланын автору.  

Алмаз Батилов, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз