Дин

Сооронбай Жээнбеков борбордук мечиттеги айт-намазга катышты image Фото: gov.kg

5 Июнь, 2019 1821

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июнда ыйык Орозо айт майрамына карата Бишкек шаарынын борбордук мечитине барды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы мекендештери менен Айт намазга катышты.

Ал эми өлкө башчынын куттуктоосун Бишкек шаарынын Эски аянтындагы Айт намазда бүгүн, 5-июнда Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуп берген болчу.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз