Экономика

УБ: 7 миллон 800 миң доллар өлчөмүндө интервенцияны ишке ашырды image

4 Янв, 2016 376

Улуттук банк 4-январда  7 миллон 800 миң доллар өлчөмүндө интервенцияны ишке ашырды. Бул борбордук банктын жыл жаңыргандан берки алгачкы валюта рыногундагы абалга кийлигишүүсү. Доллар өткөн жылы дүйнө боюнча бекемделип олтурду. Ар бир мамлекет өз валютасын коргоо миханизимдерин иштеп чыгышууда.

Кыргыз бийлиги өлкөнүн ичинде доллардын мизин кайтарып, сомдун кадыр- баркын көтөрүү максатындагы иш чараларын 2015- жылдын соңунда баштаган. Бул жылы долларлашууну кыскартуу принципиалдуу түрдө ишке ашмай болду. Ан үчүн Өкмөт башынын тапшырмасы менен Экономика министрлигинде  сомду колдонууну күчөтүү механизимдерин иштеп чыгуу багытында атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ал топ Өкмөткө негизги  3 багыт камтылган өз сунушун берди.  Биринчиси  сомдун колдонулушун бекемдөө, башкача айтканда соода- сатык бүтүмдөрүн бир гана улуттук валютада ишке ашыруу. Экинчиси сомду колдонуудан баш тарткандарды айыпка жыгуучу миханизимдерин иштеп  чыгышты. Үчүнчү багыт болсо Негизги соода өнөктөш өлкөлөр менен болгон операцияларды улуттук валюталарда жүргүзүү. Бул тууралуу “Биринчи радиого” Экономика министрлигинин, макро экономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев билдирди.

Белгилей кетсек 2015-жылдын баш жагында доллардын алмаштыруу курсу 59 сомго жакын болсо, учурда 76 сомдун айланасында кармалууда.  Өкмөт сомду колдонуу, өткөн жылдын соңунда улуттук валюта кызыл кулактардын чабуулунда калгандан баштап катуулап киришти. Ал эми адистер болсо сомдун кадыр баркын көтөрүүдө комчулуктун колдоосу, же мекенчилдик сезим да себепкер болоорун белгилешүүдө.

                                                                                                           


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз