Аламүдүн районунун Ленин айылында "Дөөлөт" үй-бүлө жана балдарга жардам көрсөтүү, маданий-эс алуу ишмердик борбору ачылды.
Борбордун негизги максаты – бул турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө, балдарга ар тараптуу колдоолорду көрсөтүү болуп саналат. Мында турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр, балдар сапаттуу психологиялык, укуктук жардамдарды ала алышат.
Бул жерде балдар үчүн атайын ийримдер –комуз ойноо, сүрөт тартуу, чет тилин үйрөнүү уюштурулат. Мындан тышкары балдарды мектепке даярдоо дагы жүргүзүлөт .