Илим жана билим

ЖРТ-2019. Босого баллдан өткөндөрдүн саны көбөйдү image Фото: KTRK/videograp

8 Июль, 2019 2882

2019-жылы жогорку окуу жайына кабыл алуучу Жалпы республикалык сынакка орточо баллы 123төн жогору болду. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги тараткан билдирүүдө айтылды. Былтыр орточо көрсөткүч 119,4 балл болгон. Мекемеден кабарлагандай, бул жылы тестирлөөнү тапшырган мектеп окуучуларынын саны да көбөйдү.

Жалпысынан ЖРТга 44 миң 289 бүтүрүүчү катышып, 110 баллдык босогодон алардын 62 пайызы өттү. Былтыркы жылы жалпы катышуучулардын 57 пайызы өткөн. Министрлик билдиргендей, соңку эки жылда босого баллдан өткөн аймактардагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн саны да өстү. Бул жылы алтын сертификатты алган бүтүрүүчүлөрдүн 60 пайызы аймактардан билим алгандар. Биринчи орунга Жалал-Абад облусу чыкты деп айтылат маалыматта.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз