Дүйнө жаңылыктары

Германиянын канцлери Ангела Меркелди үчүнчү ирет калтырак басты image Фото: www

11 Июль, 2019 2651

 Германиянын канцлери Ангела Меркелди  Финляндиянын премьер-министри Антти Ринне менен расмий жолугушуу учурунда өзүн начар сезгенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.  

Маалыматка ылайык, расмий жолугушуу башталганда Ангела Меркелди 1 мүнөткө жакын калтырак баскан. Канцлер өзүн начар сезип жатканына карабастан жолугушууну улантып, пландык режимде сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгү айтылат маалыматта.  

Буга чейин Ангела Меркель Украинанын президенти Володимир Зеленский менен жолугушууда денесин калтырак басып, аз жерден жыгылып кала жаздаган. 

Бир аптадан кийин канцлер Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугуу учурунда өзүн начар сезген.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз