24-апрелде жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Талас районунда Чат-Базар айылында 1 турак жай жана 2 үйдүн короосун суу каптады. Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок. Учурда райондук жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иш алып барууда,-деп билдиришет өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
23-апрелден 24-апрелге караган түнү Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат участкасында болжол менен көлөмү 1 миллион 200 миң метр куб жер көчкү жүргөн. Жер көчкүдөн жайыт жериндеги 1 чабандын үйүн жана 1 сарайын зыянга учуратып, 2 чабандын үйүнө кооптуу абал түзүлгөн. Кырсыктан жабыр таркандар болгон жок. Учурда жер көчкүнүн жылуусу активдешип Алмалуу суусуна жетип, суунун нугун тосуп калды. Адистер Алмалуу суусу 1 секундасына 10литр агат, жер көчкү андан ары дагы жылса, Алмалуу суусу толук тосулуп калуу коркунучу жаралууда. Алмалуу суусу тосулса, 8 чакырым төмөн жакта жайгашкан 73 кожолугу бар Алмалуу-Булак айылына коркунуч жаратышы мүмкүн. Азыркы тапта жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, жер көчкүнү айыл аймактын жетекчиси жана жайыт комитети көзөмөлгө алуусу сунушталды.