Ден соолук

«Ветеринария жөнүндө» мыйзамга толуктоо жана түзөтүүлөр сунушталууда image

25 Апр, 2016 1283

Анткени, буга чейин менчик ветернарларды каттоо акысыз ишке ашырылып келсе, эми мындан ары алар акы төлөө аркылуу расмий каттоодон өтүшөт. Ошондо гана менчик ветернардык ишмердүүлүгү ветеринардык палатанын маалыматтык базасына киргизилет.

Ушул жылдын 1-мартына карата алынган маалыматка ылайык  республикада жеке ветеринардык ишмердикти 2 миң 65 жеке жак жүргүзөт. Бирок алдардын аткарган кызматына өкмөттүк деңгээлде көзөмөл жүргүзүлгөн эмес. Эми мынданы ары элет жерлеринде кызмат өтөгөн жеке ветеринарлардын сатусу жогорулайт. Бул милдет ветеринардык палатага жүктөлгөнүн менчик ветеринар Токтакун Шерматов белгиледи.

“Ветеринария жөнүндөгү” мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган. Бирок эреже боюнча мыйзамга кабыл алынгандан кийин беш жылдин кийин толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилиши керек, -  дейт ветеринария институтунун директору Кудайберген Абдыкеримов.

Менчик ветеринарды каттоо үчүн жыйымдарды ишке ашырууну жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөө негизинде жүргүзүү ченеми жаңы мыйзам долбооруна сунушталууда. Ошондо ветеринардык палатанын бюджетине тиешелүү деңгээлдеги каражат түшө турганын адистер белгилешет. Мындан сырткары эпизоотикалык кырдаал жаралган учурда жергиликтүү мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин да кароо маселеси сунушталууда.

К. Калилов, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз