Илим жана билим

Таласта электрондук китеп окугандардын саны арбыды image

23 Июль, 2019 3926

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында облустун Көпүрө-Базар айылдык  китепканасы жергиликтүү бюджеттин эсебинен  электрондук китептер менен толукталган. Бул электрондук китептер алынганы окурмандардын саны да 500гө чейин өскөн. Себеби электрондук китеп аркылуу окуу бир топ ыңгайлуу.

Азыр айылдагы  маданият үйүндө жайгашкан китепканага кары, жашы дебей баш баккандар арбыды. Өзгөчө китепкананын бөлмөлөрү мектеп окуучуларына толуп турат. 9-класстын окуучусу Тамара Ракымбаева жайкы эс алуу күндөрүнүн көпчүлүк убактысын китепканада өткөрүүдө. Электрондук китепке киргизилген бир топ көркөм чыгармаларды окуп чыкканын айткан окуучу электрондук китеп билим алууда абдан пайдалуу экенин айтат. Окуйм деген чыгармасын же пайдалуу мааламыттарды интернет аркылуу издеп таап алса болот.

Китепканага жөнөкөй китеп окууну сүйгөн айылдын тургундары да көп келет. Эгер буга чейин жылына 1400 окурман болсо, электрондук китептер колдонула баштаганы окурмандардын саны 2000 миңге чейин жеткен.

Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 40 миң сомго баардыгы болуп 5 китеп сатылып алынган. Ар бири 8 миң сомдон. Электрондук китептин ар бирине эки миңге чейин китеп батат. Азырынча электрондук китептин ар биринде жүздөн ашык китеп камтылган. Бул адабий, тарыхый жана башка мазмундагы китептер. Ошол эле учурда Манас эпосунун баардык варианттары да көчүрүлгөн. 

Көпүрө-Базар айылдык китепканасынын жайлоодогу балдарга да китеп окутуу боюнча бөлүмү бар. Бара-бара электрондук китептердин саны көбөйсө алыскы жайлоолордо жүргөн окуучулар да китептин электрондук түрүн окуй башташат. 



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз