Интернет жана технологиялар

М.Абылгазиев: ар бир мамлекеттик мекемени интернет менен камсыз кылуу зарыл image Фото: www

25 Июль, 2019 2827

 Ар бир мектеп, почта бөлүмү, медициналык жана кызмат көрсөткөн башка мамлекеттик мекемелер Интернет менен камсыз болуп, элге электрондук форматта кызмат көрсөтүүсү зарыл. 

Ошондо гана жарандарыбыз мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн чыныгы пайдасын сезе алат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында билдирди.  

Өкмөт башчы,  бардык мамлекеттик кызматтар эл үчүн  ар убак жеткиликтүү болушу керектигине  токтолду. Ал үчүн өлкөнүн аймактары кеңири форматтагы интернет менен камсыз болушу кажет.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз