Интернет жана технологиялар

Өлкөдө 660 мектеп интернетке туташтырылды image Фото: www

26 Июль, 2019 2966

Кыргызстанда 660 мектеп интернетке туташтырылды.  Ал эми 81 мектеп ушул жылдын 1-сентябрына чейин интернетке кошулат. 

Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров билдирди.  

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында 300гө жакын  айыл өкмөт,  600дөй  медициналык мекеме интернетке туташтырылып, ошондой эле почта бөлүмдөрүнө интернет кошуу иштери жүрүп жатат.

 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз