Кырсык

Нарын шаарында дарыяга түшүп кеткен 61 жаштагы аял изделип жатат image

29 Июль, 2019 3292

Нарын шаарында Нарын дарыясына түшүп кеткен 61 жаштагы аял изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын Алма-Бак тилкесинде болгон. Куткаруучуларга Нарын дарыясына 1958-жылы туулган А.Ж. аттуу аял киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иш-чараларына ӨКМден 18 куткаруучу тартылды. Учурда издөө иштери улантылып жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз