Дүйнө жаңылыктары

Гвинеяда чагылгандан 6 бала көз жумду image Фото: www

2 Авг, 2019 245

Гвинеяда манго багынын астында ойноп отурган балдарды чагылган уруп, 6 бала көз жумду. Алар 4 жана 10 жаштагы балдар жана кыздар.

  РИА Новостинин  маалыматында, окуя   Сигири префектурасында  болгон. 

 Чагылган аралаш  нөшөр  учурунда  балдар  манго багынын  алдында  чай демдеп ойноп жатышкан. Жаракат  алган эки бала оруканага жеткирилген. 

 Буга чейин Индияда  эки күн аралыгында 50 киши чагылгандан каза болгондугу айтылган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз