Спорт

Оштун жаш футболчулары Кытайдагы эл аралык мелдешке катышууда image Фото: www

7 Авг, 2019 496

Ош шаарынын өспүрүмдөр командасы Кытайда өтүп жаткан футбол боюнча эл аралык мелдешке катышууда.

Бул аптада Кытайдын Линься шаарында спорттун 7 түрү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлүп, ага 15 өлкөдөн келген 13төн 16 жашка чейинки балдар катышууда. Кыргызстандын атынан бул мелдешке футбол боюнча Ош шаарынын өспүрүмдөр командасы барган.

Кыргызстандын футболчулары (15-16 жаш) Кытайдын футбол командасын 9:2, Таиланддын командасын 5:3 эсебинде жеңген.

Жакынкы күндөрү кыргызстандык спортчулар Тажикстан жана Непалдын командалары менен оюн өткөрмөкчү

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз