Коом

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын мыйзамдар топтомуна кол койду image Фото: www

14 Авг, 2019 274

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын мыйзамдар топтомуна кол койду. Кабыл алынган мыйзамдар Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган.  

Мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, келээрки шайлоодо мамлекеттик органдардын чет өлкөлөрдөгү  өкүлчүлүктөрүндө  да шайлоо бөлүмчөлөрү  уюштурулат. 

Саламаттыгы жагынан мүмкүнчүлүгү   чектелген  жарандарга добуш  берүү  үчүн  бардык  тиешелүү шарттарды түзүп берүү да каралган. Ошондой эле талапкерлерге, саясый партияларга коюлган талаптар жогорулатылды.

Белгилей кетсек, 2020-жылы өлкөдө Парламенттик жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүлөт.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз