Коом

Кыргыз жарандарын качкындар лагерлеринен кайтарып келүү аракеттери жүрүүдө image Фото: https://www.dw.com

16 Авг, 2019 336

Президенттин тапшырмасына ылайык, КР улуттук коопсуздук органдары тиешелүү тараптар жана ошондой эле өнөктөш кызматтар менен биргеликте Сирия жана Ирак согуш аймактарындагы, ошондой эле ар кандай качкындар лагеринде жүргөн жарандарды кайра кайтаруу боюнча иштердин экинчи этабын улантууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Азыркы убакта террористтик иш-аракеттерге катышкандардын жарандыгын аныктоо иштери жүрүп жатат. Ал жерде көбүнүн балдары бар болгондуктан мекенге кайтарып келүү үчүн ата-энелеринин макулдугу керек, бирок атасы же энеси атайын текшерүү иш-чаралары аяктагыча Сирия-Ирак аймагында калуусу шарт.

Эгер, ата-энелери террористтик иш-аракеттерге катыштыгы бар болгон учурда, алар балдарга болгон укугунан ажыратылат. Жарандар мекенге кайтып келгенде реабилитациядан өтүп, мыйзамдын талаптарына ылайык жоопкерчилиги аныкталат.

Сирия жана Ирак согуш аймактарындагы жана качкындар лагерлериндеги КР жарандарын кайтарып келүү КР Президентинин көзөмөлүндө турат. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча коомчулукка толук маалымат берилет.

 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз