Коргонуу жана коопсуздук

Европа: Орто Азия өлкөлөрүндөгү чек араны бекемдөөгө 5 миллион евро бөлөт image

27 Апр, 2016 1665

Европа кеңеши Орто Азия өлкөлөрүндөгү чек араны бекемдөөгө 5 млн евро бөлөт. Бул тууралуу  Бишкекте эл аралык чек ара коопсуздугун талкуулаган  жыйында айтылды. Иш-чарага  Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын жана Ооганстан, Орусия мамлекеттери менен катар Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү да келген. Анда негизги көйгөй  катары чек ара коопсуздугун камсыздоо менен  аралаш миграциялык агымды көзөмөлдөө каралып, бул багытта талкуу жүрдү.

Учурда Дүйнө элин коопсуздук коркунучу тооруп турганда Кыргызстан да бул багытта  ыкчам чаралардын кабыл алуу аракетинде болууда. Кыргызстан үчүн террорчулукка каршы күрөш жана өлкөнүн коопсуздугун коргоо маселеси 99-2000-жылдардагы Баткен окуясынан кийин өзгөчө мааниге ээ болгон. Андыктан коопсуздук кызматтары өлкөдөгү негизги коркунучтардын бири катары терроризмди атап келүүдө. Бул багытта Бишкекте эл аралык жыйын болуп, анда негизги маселе экстремизм жана Борбор Азия чек арасынын коопсуздугун сактоо көзөмөлдү күчөтүү болду. Бул жаатта Европа кеңеши Орто Азия өлкөлөрүндөгү чек араны бекемдөөгө көмөктөшөрүн чек араны бекемдөө боюнча БОМКА программасынын өкүлү Владимир Загузовс билдирди.

Бишкекте эл аралык чек ара коопсуздугуна арналган жыйын он экинчи жолу өтүп жатат. Ага Борбор Азиядагы өлкөлөрүнөн сырткары Евробиримдикке кирген Австрия, Латвия, Литва, Финляндия сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү да келип, чек арадагы ар кандай маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Жыйынтыгында Европа кеңеши Орто Азия өлкөлөрүндөгү чек араны бекемдөөгө 5 млн евро бөлүп,  кадрларды даярдоодо жардам бермей болууда.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз