Коом

Бир катар аскер кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды image

29 Авг, 2019 243

Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен аскердик милдетин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн жана өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө карата бир катар аскер кызматчылары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.

Сыйлангандардын тизмеси:

Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын күжүрмөн даярдык башкармалыгынын башчысы Руслан Мукамбетов, Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскердик бөлүгүнүн "Капчыгай" чек ара заставасынын башчысы Азат Мусуралиев "Даңк" медалы менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128-аскердик бөлүгүнүн батальонунун командири Айбек Аристокиев.

Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 75565-аскердик бөлүгүнүн радиолокациялык ротасынын командири Уларбек Белеков.

Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын кадрлар башкармалыгынын начальниги Жаныбек Касманбетов.

Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 02626-аскердик бөлүгүнүн бронетанкалык кызматынын начальниги Рустам Садиков.

Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскердик бөлүгүнүн «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын улук чалгынчысы Абылкасым Тайкара уулу КР Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз