Балдар

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар мектепте которулду image

3 Сент, 2019 198

Чүй облусунун Красная Речка айылындагы балдар үйүндө тарбияланып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелүү 7 бала Дмитриевка айылындагы жалпы билим берүүчү мектепке которулду.

Бул тууралуу "Балдарды коргоо лигасынын" төрайымы Назгүл Турдубекова билдирди. Буга чейин алар балдар үйүнөн алыс, интернатта жашап келишкен. Мындан ары алар өз үйлөрүндө, инклюзивдик билим алышмакчы.

Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды үй-бүлөгө кайтарып, коомго кошуу иштери өлкөдөгү балдар үйлөрү менен интернаттарды реформалоо программасынын негизинде ишке ашууда.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз