Дүйнө жаңылыктары

АКШ Ооганстан боюнча атайын өкүлүн чакыртып алды image

9 Сент, 2019 63

АКШ «Талибан» кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөргө катышып жаткан Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзадды чакыртып алды. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Fox News телеканалынын эфиринде билдирди.

«Учурда тынчтык сүйлөшүүлөрү убактылуу токтотулду. «Талибан» зомбулуктун масштабын азайтуу үчүн зарыл болгон милдеттенмелерин аткарууну каалабаганын же колунан келбей турганын көрсөттү», — деди Помпео.

Күн мурун АКШнын президенти Дональд Трамп «Талибан» кыймылынын лидерлери жана ооган президенти Ашраф Гани менен пландалган жолугушууну токтотконун билдирген. «Твиттердеги» билдирүүсүндө ал буга 2-сентябрда Кабулда 12 кишинин, анын ичинде америкалык аскерлердин өмүрүн алган жардыруу себеп болгонун жазган.

Трамп буга чейин «Твиттердеги» баракчасына 11-сентябрдагы кол салуунун 18 жылдыгына чейин эки тараптын өкүлдөрү менен Вашингтондун четиндеги Кэмп-Дэвид резиденциясында жолугушууну пландаганын жазган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз