Кырсык

Бишкек шаарында бак кулап, унааны басып калды image

3 Май, 2016 1431

Бүгүн Бишкек шаарында бак кулап, жолдун  жээгинде токтоп турган унаанын арткы терезелерин талкалады. Бактыга жараша адам өмүрүнө коркунуч келген жок.  Эске салсак,  март айынын аягында  көчөдөн өтүп бараткан унааны  бак басып калып, 37 жаштагы адам  жарык дүйнө менен кош айтышкан. Мындан кийин мэрия  калаадагы бардык бак-дарактардын  эсебин алуу иштерин баштаган. Учурда   бактарды инвентаризациялоо иштери уланып, анын алкагында жараксыз абалдагы 200дөн ашык дарак кыйылды.

Адистердин айтуусунда,  шаардагы бак-дарактардын  көпчүлүгү   50-60-жылдары   тигилген.  Азыркы тапта, болжол менен  202миң бак –даракты  иликтөө милдети турат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз