Дин

Кызыл-Адыр айылындагы мектептерде динди түшүндүрүү иштери жүрүүдө image

8 Окт, 2019 110

Таластын Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы мектептерде салттуу динди түшүндүрүү иштери жүрүүдө. 

Бул тууралуу Кара-Буура РИИБдин башчысынын орун басары Орозбек уулу Элзарбек кабарлады. 

Анын айтуусунда, жергиликтүү милиция кызматкерлери имамдар менен биргеликте иш алып барууда. Ушул максатта мектеп окуучулары менен милиция кызматкерлери жана имамдар жолугушту. 

"Жергиликтүү имамдар менен биргеликте мектептерди кыдырып, салттуу дин тууралуу окуучуларга туура маалымат жеткирип, экстремисттик диндерден алыс болууга үндөдүк" - Орозбек уулу Элзарбек.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз