Балдар

Балдарга татыктуу тарбия берүү бүгүнкү күндүн талабы image Фото: KTRK/videograp

9 Окт, 2019 170

Жаш өспүрүмдөргө татыктуу тарбия берүү бүгүнкү күндүн талабы. Мектепке чейин курак-баланын физикалык, психологиялык жана социалдык калыптануусунун мезгили экени “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү” мыйзамда аныкталган.  

Бул багытта “Роза Отунбаева демилгеси" Эл аралык фонду тарабынан социалдык багыттагы бир канча долбоорлор ишке ашырылып келет. 

Алсак келчек муунга инвестиция демилгесинин алкагында “Бала бакчага барбаган балдарды мектепке даярдоо”, “Балалык мектеби”, “Билим фестивалы”, “Балдар  филармониясы”, “Бөбөк ыры”, “Эне-бала” сыяктуу долбоорлор “Роза Отунбаева  демилгеси” Эл аралык фонду тарабынан жүзөгө ашырылып келет. 

Билим берүү дүйнөнү өзгөртө турган абдан  күчтүү курал. Мындай ураанды ыйык туткан “Роза Отунбаева демилгеси” Эл аралык фонду кыргыздардын илгертеден бери салттуу буюмдары салынган билим сандыгын чыгарышты. 

“Кыргызстанды окуп  үйрөнөбүз – билим сандыгынын” кырк бир комплект Бишкек шаардык билим берүү  башкармалыгына акысыз өткөрүлүп берилди. Мунун ичинен 30 комплект мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, 10 комплект шаардын мектептерине жана бирөө Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын ресурстук борборуна берилгенин “Роза Отунбаева  демилгеси” Эл аралык фондунун өкүлү Нурзат Жээнбаева ырастады.

2019-жылы республиканын тоолуу аймактарынын  жайлоолорунда 114 “Жайлоо өнүгүү борборлору“ ачылып 3500 балдар мектепке чейинки даярдыктан өтүштү. “Роза Отунбаева демилгеси” Эл аралык фондунун максаты тоо шартында жашаган балдарга сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү жана аларды ар тараптуу өнүктүрүү.

                                                                                                               К. Калилов

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз