Коом

Жалал-Абад: жер асты менен өтүүчү экинчи өтмөк пайдаланууга берилди image

10 Окт, 2019 152

Жалал-Абад шаарында курулган жер асты менен өтүүчү экинчи өтмөк пайдаланууга берилди. Калаанын борбордук Ленин көчөсүндөгү өтмөктүн курулушу быйыл май айында башталган. 

Жер өтмөктүн узуну 40, туурасы 9 метрди түзөт. Өтмөк Ленин көчөсүндөгү унаа тыгынын жоюу, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун алдын алуу максатында курулду. Шаар бюджетинен 21 миллион сомго 24 соода түйүн жайгашуучу жайлары менен бүткөрүлдү. Буга чейин Нагима Айтматова көчөсүнө жер өтмөк курулган болчу. Эми эки өтмөк туташтырылды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз