Спорт

Күрөш: Дүйнө биринчилигинде Бердикул Караев күмүш медаль тагынды image

10 Окт, 2019 211

Грузиянын Тбилиси шаарында ардагерлер арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде кыргыз балбаны Бердикул Караев күмүш медалга ээ болду.

Караев грек-рим күрөшү боюнча 88 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашкан. Ал чейрек финалда венгриялык Лазло Сзейтл менен кез келип, 4:0 эсебинде жеңген.

 Жарым финалда ирандык балбанды жеңип, финалга аттанган. Ал эми, финалда Германия өлкөсүнүн спортчусу Вилхелм Шредер менен беттешти. Шредер беттеште 5:0 эсебинде утуп алып, жыйынтыгында Караев күмүш медалга ээ болду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз