Дүйнө жаңылыктары

АКШда чалгын кызматкери жашыруун маалыматтарды ММКларга берүү айыбы менен камалды image

10 Окт, 2019 96

АКШ прокуратурасы Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгынын кызматкери Генри Фризди жашыруун маалыматтарды журналисттерге бергени үчүн камакка алды.

Айыпталуучу 2018-2019-жылдардагы улуттук коопсуздукка байланыштуу маалыматтарды кабарчыларга берген. Маалымат аты аталбаган чет өлкөнүн куралдануу системасына тиешелүү болгон жана кеминде сегиз материалда колдонулган.

Божомолдор боюнча Фриз журналисттердин бири менен романтикалык мамиледе болгон. ФБР анын эки кабарчы менен телефондук сүйлөшүүсүн тыңшап, Твиттердеги жеке кат алышууларын да окуган.

Юстиция министрлиги журналисттин, ал иштеген басылманын жана жашыруун маалымат камтылган чет өлкөнүн атын атабай турганын билдирди.

Генри Фриз АКШ Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгынын контртеррордук бөлүмүнүн талдоочусу болуп иштеген. Ал шаршемби күнү эртең менен жумушка келгенде кармалды. Фриздин күнөөсү аныкталса, 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

АКШ Юстиция министрлиги акыркы эки жылда алты кишини жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарууга айыптаган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз