Ден соолук

Ветеринардык борборго казынадан 5 млн 564 миң сом бөлүнөт image

10 Май, 2016 1094

Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна мамлекеттик казынадан 5 млн 564 миң сом бөлүнөт. Бул каражатка Орусиядан заманбап  жабдуулар сатылып алынып, мурунку эски жабдуулардын баары жаңыртылары күтүлүүдө. Ошондо ЕАЭБдин талабына жараша ветеринардык диагностор коюлат.                                                                                           Мурун ветеринардык жаңы лабороторияларды куруу боюнча чет элден келген каражат пайдаланылбай, анын курулушуна каршы чыккандар, бут тоскондор болгон. Ошонон кийин ал лаборотория Тажикстанга курулуп калганын ветеринар адис Жолдошбек Дадыбаев ачыктады. 

Албетте буга чеийнки ветеринардык жабдуулардын эскилиги жеткен. Ошондуктан алардын бүгүнкү күндүн талабыгна жараша жаңыртуу зарылдыгы келип чыгууда. Аны атайын адистер келип алмаштырып берет. Ошондо ЕАЭБтин талабына жооп берген аракеттер ишке аша турганын мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инпсекциянын жетекчиси Калыс Жумаканов белгиледи.

Ошентип июль айында ветеринардык лабороториялардагы мурунку жабдуулар жаңыртылат. Бул бажы биримдигине кирген мамлекеттер менен болгон алканы кеңейтүүгө өбөлгө түзөт дешет адистер.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз