Коргонуу жана коопсуздук

Атамбаев: ардагерлер фашисттерден дүйнө жүзүн сактап калышты image Фото: president.kg

10 Май, 2016 1853

Эл башына түшкөн  алааматты  улуттардын биримдиги, ынтымагы  жеңген, ага азыркынын  жаштары  маани беришпейт. Тутунган динине, улуттук өзгөчөлүгүнө  карабастан  душмандар менен кашык каны төгүлгөнчө  кармашкан  аталардын эрдиги болбогондо, бүгүнкү күндө  улутчул такырбаштар, эл арасына чагым салган бузукулар  жок болмок. Соңку  учурларда дүйнөнү жаңы капсалаңга кабылткан  диний  экстремизм,терроризмди  тутунган  радикалдык  күчтөрдүн   пайда болуп жатышы тынч жаткан  элди  кайрадан жаңы капсалаңдарга кабылтты.  Жер-жерде кан төгүлүп, миңдеген бейкүнөө адамдар өлүп, миллиондор үйсүз, мекенсиз калып жатат. Мындай кырдаалда тынчтык деген сөздүн мааниси жүз эселеп өсүп турган чагы. Ата-бабаларыбыздын тынчтык, бейпилдик үчүн жасаган каармандыгы, кажыбас кайраты жана мекенчилдиги азыркы жана келечек муундар үчүн өчпөс өрнөк, биримдиктин жана ынтымактын жаркын символу болуп калууга тийиш",-деп  мамлекет башчы Алмазбек  Атамбаев  9-май  Улуу жеңиштин  71 жылдыгына  арналган митинг реквиемде сөз  сүйлөдү. Бул айтылгандарды талдоочулар дагы бекемдешти.

 Кыргыздар  Ала-Тоодон Энесайга чейин  ээлик кылып, кийин исламдын эң негизги атрибуттарын гана кабыл алып, андан соң орустарга  кошулуп, кайра көтөрүлүшкө чыгып өз эркиндиги үчүн күрөшүп, СССРдин тушунда өз маданиятын жаңыча нукта ачып,  Улуу Ата-мекендик согушта совет  элинин   башына түшкөн  апаатты  бекем ынтымак, достук жана биримдиктин күчү менен  апаат күндөрдө  душмандын мизин кайтарган.Тынчтык  кандай жол менен камсыздалып,  аталардын, агалардын  каны   алардын  эрдиги  менен келгендигин   бүгүнкүнүн   жаш  мууну  биле бербейт. 15 союздук республиканын ар бир  жараны баскынчылар менен күрөшүүнү милдет катары санап, совет  элинин  тынчтыгы  үчүн  канын-жанын бербесе  улутчулдукту карманган  азыркынын  такырбаштары  жок болмок. Бирок  Улуу  ата мекендик согуштун бүткөндүгүнө  71 жыл болсо дагы   бүгүнкү күндө дүйнө  коомчулугун  жаңы капсалаң   каптоодо.  Ал  диний  радикализм. Өзүн кандай гана күчтүү мамлекет деп санабасын  террористтердин чакырыгына  жалгыздап жоп бере албайт.Аны менен  күрөшүүдө   дүйнө мамлекеттеринин биргелешкен  аракети  оң натыйжасын берет,-деп мамлекет башчысы  Алмазбек  Атамбаев Улуу жеңиштин  71 жылдык урматына арналган  митинг реквиемде  тынчтык сөзүнүн   маанисине токтолду.

“Ардагерлер,  жеңиштин легендарлуу мууну фашисттерден дүйнө  жүзүн сактап калышты. Согуштун  апаат  күндөрү тууралуу жаңы муундун  өкүлдөрү билиши керек, эл-жерибизди  баскынчылардан коргоп калган, согушта жана оорукта Жеңишке салым кошкондордун  эрдиги болбогондо  азыркыдай такырбаштар, башка дагы  акылы тайкылар жок болмок. Алар  аталардын   ыйык  атын булгап, уяткарып жатышат.  Азыркы бейпил жашоо үчүн күрөшкөн аталардын эрдигин унутпоо бул биздин ыйык милдет.  Каардуу   согуштун   бүткөндүгүнө   71 жыл   өттү.  Бирок дүйнө кайрадан жаңы капсалаңдарга кабылды, дүйнө коомчулугуна   жаңы чакырыктар ташталды. ар жерде кан төгүлүп, миңдеген бейкүнөө адамдар өлүп, миллиондор үйсүз, мекенсиз калып жатат. Аны менен күрөшүүдө  кандай гана   күчтүү  мамлекет болбосун жалгыздап анын менен күрөшө албайт. Андыктан,  дүйнө жүзүндөгү бардык мамлекеттер   террористтер, улутчулдар, радикалдык   динчилдер  жана   фашисттердин   жек көрүүсүнө өңдөнгөн кандай гана   болбосун  адамзаттын коопсуздугуна коркунуч келтирүүгө ниеттенген менен биргелешип   күрөшүүбүз керек”.

Кыргыздарды  өткөн кылымдын 16-жылдарында орустар үркүнгө айдап, канчалаган  бейкүнөө  өмүр   ашууларда  каза тапкан. 41-жылдагы ата-мекендик согушта  кыргызстандыктар  совет  мамлекетин  коргоодо   эмне үчүн кан төгүштү  деген пикирлер эл арасында бүгүнкү күнгө чейин жаралып келет.

Профессор  Бекбосун  Бөрүбашев  Совет доору  Кыргызстандын өнүгүү  жолун  негиздеди. Ар кандай күчтөр, чагымчыл топтордун  кийлигишүүсү  бүгүнкү күндө  словян улутундагы эки элди  араздаштырып салды. Украиндер менен  орустар бир-бирине жоо  болуп, тарых өзгөрдү,- деп  эл арасында  улут  аралык  мамилени  козутууга  аракеттенгендерге  азыркы Украинадагы кырдаалды мисалга алды.

Ошентип  9-майда дүйнөнүн  бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да   Улуу Жеңиштин 71 жылдыгы белгиленди. Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышып, алардын 160 миңге чукулу согушта курман болгон. 

Г.Каражанова, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз