Илим жана билим

"Китепкөй Жалал-Абад" аталышында фестиваль өттү image

22 Окт, 2019 215

Жалал-Абад шаарынын Курманбек стадионунда "Китепкөй Жалал-Абад" аталышында фестивал өттү. Иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, "Энелер мектебинин" негиздөөчүсү, педагог Гапыр Мадаминов, төкмө акын Идрис Айитбаев жана "Китепкөй Ала-Тоо" долбоорунун негиздөөчүсү катышып, жаштарды китеп окууга чакырып, кеңири баарлашуу болду. 

Фестивалдын алкагында ата-энелер, мугалимдер жана жалпы эле жаштарга багытталган түрдүү темаларда тренингдер, китеп окуу, ыр-бий, китеп жарманкеси жана оюн-зооктор уюштурулду. “Китепкөй өлкө" долбоорунун алкагында өткөрүлүп жаткан фестивалдын башкы максаты - жаштарды китеп окууга тартууну көздөйт. Иш-чарага 2 миңге жакын адам катышты.




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз